Кара ниет, арамдыгы бар, тымызын жамандык ойлогон. Ичи бузук жигиттин, Асты иши оң болбос (Токтогул). Бирок, ичи бузук тыңчылар аны кармап берет (Ашымбаев).
Кара ниет, арамдыгы бар, тымызын жамандык ойлогон. Ичи бузук жигиттин, Асты иши оң болбос (Токтогул). Бирок, ичи бузук тыңчылар аны кармап берет (Ашымбаев). В.: Ичи кара. Ичи кара душманды, Даана билет биздин топ (Барпы). Ичи арам. Ичи арамдан: не кылам деп сурасам, бир тыйынга мага сат дейт даңкыңды (Осмонов). Өзүн акылдуу эсептеп, чиренгендердин ичи арам, калп боло тургандыгын да көрдүм (Абдукаимов). Ичи жаман. – Ичи жаманды ит капсын балам, бала жеке сенде эмес, – деди Сейдеке (Өгөбаев).